ХАМАС Жабалия лагеринде кеминде 195 киши набыт болгонун билдирди

Газа тилкеси. 31-октябрь, 2023-жыл

Израил шейшемби жана шаршемби күндөрү Газадагы Жабалия качкындар лагерине абадан сокку урганда ХАМАСтын эки аскердик командачысын жок кылганын билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Израил радикал топ командалык борборун жана “террордук инфраструктурасын калк жашаган имараттардын айланасына жайгаштырып, элди кооптуу абалга атайлап кептеген”, - деп айтты.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Израилдин “пропорционалдуу эмес соккулары согуш кылмыштарына жакындашы мүмкүн” деген камтамасын билдирди.

Газаны башкарган ХАМАСтын басма сөз кызматы Жабалияда эки соккудан кеминде 195 палестиналык каза тапканын, 120 кишинин дайыны белгисиз болуп жатканын, 777 киши жараат алганын жазды.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы блокадага алган Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган. Эл аралык уюмдар тилкедеги гуманитардык абалга тынчсызданууда.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8796 киши каза тапканын, 3,5 миңден ашууну балдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер.

Ал тапта чет өлкөлүк жарандардын дагы бир тобу Газадан Египетке чыгып кетүүгө даярданууда. Израил, Египет жана ХАМАС тобу Катардын арачылыгы менен жетишкен макулдашуунун алкагында 1-ноябрда 350 чет элдик жана жарадар болгон газалыктар согуш аймагынан чыгарылган.

Дагы караңыз

Украинада Чувашиядан согушка тартылган ондогон киши набыт болдуТөө-Ашуудагы кырсыкта жараат алган милиционерлердин бири каза болдуКызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар 16 миңге жетти, үч бала чарчап калды