Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Украинада Чувашиядан согушка тартылган ондогон киши набыт болду


Украинада орусиялык аскерлердин кербени аткылоого кабылганда Чувашиядан мобилизацияланган ондогон киши набыт болду. Idel.Реалии сайты жазганына караганда, окуя 29-октябрда болгон. КамАЗ жана УАЗ менен бараткан аскерлерди HIMARS ракеталары менен аткылаган. Өлгөндөрдүн так саны белгисиз.

Чувашиялык дагы бир сайт майдандагы булактарына шилтеме менен бери дегенде 19 киши каза тапканын жана жарадар болгонун жазды. Жараат алгандардын бири Idel.Реалии сайтына курмандыктардын саны 47ге жетерин айткан.

Аймактын бийлиги бул кабарларды украин Телеграм-каналдары уюштурган жана "коомдо дүрбөлөң жаратууну" көздөгөн "маалымат чабуулу" деп атады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Чувашиядан согушка чакырылгандардын каза тапканы жөнүндө маалыматтарды комментарийлеген жок. Москва Украинадагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт.

Украин бийлиги өткөн 24 саатта орус армиясынын аткылоосунан бери дегенде үч карапайым киши мүрт кеткенин, 10дон ашууну жарадар болгонун бейшембиде эртең менен билдирди.

XS
SM
MD
LG