Европа мамлекеттери жана АКШ Кыргызстандын өкмөтү менен биргеликте өлкөдөгү жарандык коомду коргоо жана журналисттердин негизги ишин улантуусу үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрө түзүүгө көмөктөшүүгө даяр.
Бул тууралуу бүгүн 2-ноябрда Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн, Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.
2-ноябрь – Журналисттерге каршы жасалган кылмыштардын жазасыз калуусун токтотуунун эл аралык күнүнө карата жарыяланган бул билдирүүдө Кыргызстандын көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары жана активдүү жарандык коому өлкөнүн сыймыктуу жетишкендиктеринин бири гана эмес, гүлдөгөн келечеги үчүн зарыл багыт болуп саналары белгиленди.
“Эркин жана көз каранды эмес маалымат каражаттары демократиянын бүтүндүгүн колдоп, мыйзам үстөмдүгүн жана таза башкарууну сактайт”, - деп айтылды билдирүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 2-ноябрды Журналисттерге каршы жасалган кылмыштардын жазасыз калуусун токтотуунун эл аралык күнү деп жарыялоо тууралуу резолюциясын 2013-жылы кабыл алган. Ал БУУга мүчө мамлекеттерди “жазасыз калуу” деген көрүнүшкө каршы учур талабына ылайык чараларды көрүүгө чакырат.
Соңку кезде Кыргызстанда көз каранды эмес медиага басым күчөгөнүн серепчилер белгилешүүдө. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты тогуз айча бөгөттөлүп турду. "Азаттыктын" жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан.
Анткен менен бийлик сөз эркиндигине байланыштуу сындарды четке кагып келет. Президенттин мурдагы маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталып турганын айткан.(RK)
Дагы караңыз
Аллен Украинаны колдоо АКШ үчүн маанилүү экенин айттыЗордуктоонун жазасын катуулаткан мыйзам экинчи окууда да колдоо таптыГазадан эвакуацияланган кишилердин алгачкы тобу Египетке келди