Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргыз гидромет борбору билдиргендей, 1-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-ноябрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9, күндүзү 14…19;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүзү 15…20;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…+3, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6°, күндүз 11…13° градус болот.

Дагы караңыз

Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов үй камагына чыктыШакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү аракети тууралуу комментарий берди “Эмарк Групптун” башчысынын камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узардыТИМ Орусияда миграциялык каттоонун жаңы тартиби тууралуу эскертти