Орус аскерлери Бахмутта согуштук аракеттерин күчөттү

Бахмутка жакын жер. Украина. 2023-жыл, август

Шейшембиге караган түнү Орусия Украинага “Шахед” дрондору жана Х-59 ракеталары менен чабуул койду. Украин аскерлери алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, бирок ракеталардын сыныктары Днепропетровск облусундагы турак жайга тийгенин билдиришти.

Андан мурунку күнү Херсон облусунда дүрмөттөрдүн бири маршруттук таксиге тийип, 7 киши жараат алды. Херсон шаарынын борборунда ракета соккусунан бир аял мүрт кетти.

Ал арада 21-октябрда Харьков облусундагы почта терминалына урулган соккудан каза тапкандардын саны 7 кишиге жетти. Жараат алган эки киши оор абалда экени кабарланды.

Дүйшөмбүгө караган түнү Украина аннексияланган Крымда Орусиянын Абадан коргонуу системасынын объектисин бутага алганын, оккупацияланган Луганскиде С-400 ракеталарын жок кылганын билдирген. Крым жарым аралында орусиялык 17 аскер жараат алганы маалымдалган.

Украин армиясынын жөө аскерлеринин кол башчысы генерал Александр Сырский каршы тарап Бахмуттагы аскерлерин күчтөндүрүп, активдүү согуштук аракеттерге өткөнүн билдирди. Май айында орус армиясы 20 айга созулган кандуу кармаштардан кийин Бахмутту ээлеп алган. Июндан тарта Украина түштүк жана чыгышта оккупацияланган жерлерди, анын ичинен Бахмутту кайтарып алуу максатында контрчабуулга өткөн.

Генерал Купянск тарапта да орусиялыктар активдүү болуп жатканын, "жанкечти дрондорду" көбүрөөк колдонгонун белгиледи.

Дагы караңыз

Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов үй камагына чыктыШакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү аракети тууралуу комментарий берди “Эмарк Групптун” башчысынын камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узарды