Франция орусиялык 39 кишини депортациялоону көздөп жатат

Аррастагы кол салуу болгон жер. Франция, 13-октябрь, 2023-жыл

Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен радикалдуу исламды карманат деп саналган орусиялык 39 киши депортацияланарын билдирди. Бул тууралуу министр RMC радиостанциясынын эфиринде айтып, ал кишилердин аттары, жашы же башка маалымат менен бөлүшкөн жок.

Дарманендин айтымында, Орусия бийлигине Франциядан чыгарылчу кишилердин тизмеси тапшырылды. Анткени, Орусиянын макулдугусуз аларды депортациялоого болбойт. Москва жарандарын кабыл алууга даяр болууга тийиш. Министр “кара тизмеге” киргендер азыр “катуу көзөмөлгө алынганын” кошумчалады.

Буга чейин Франциянын коопсуздугуна коркунуч туудурган адамдардын арасында орусиялык 60 жаран экени маалымдалган.

22-октябрда Францияда Израилдин Бельгиядагы элчилигине кол салууну пландаган деген шек менен 15-16 жаштагы төрт өспүрүм кармалган. Алардын үчөө ингушетиялык жана чеченстандыктар болчу.

13-октябрда ингушетиялык Мохаммед Могушков Аррас шаарында мугалимге бычак сайып өлтүргөн, дагы бирөөну жарадар кылган. Француз бийлиги аны кылмышка Израилдин ХАМАСка каршы согушу түрткөн деп болжолдойт.

Кийин Страсбургдагы синагоганын жанында бычак көтөрүп бараткан чечен тектүү бала кармалган.

Дагы караңыз

Молдова алты телеканалдын ишин токтоттуЖогорку Cот Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырдыГаза абадан жана артиллериядан соккуга кабылды