БУУнун баяндамачысы тажик бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды

Журналисттер Завкибек Саидамини, Абдулло Гурбати жана Далер Имомали

БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор Тажикстан бийлигин камалган журналисттер менен блогерлерди бошотууга кайрадан чакырды. Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө жазган постунда Лолор Тажикстандын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Жонибек Хикмат менен кездешүүдө Далер Имомали, Абдулло Гурбати жана Ульфатхоним Мамадшоеваны азат кылууга үндөгөнүн жазды. Жолугушуу 24-октябрда Нью-Йоркто өткөн.

“Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, былтыр Тажикстанда сегиз журналист жана блогер 7-12 жылга кесилген. Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Завкибек Саидаминиге тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу айыбы тагылган. Журналисттер жана жакындары күнөөнү четке кагууда. Соттолгондордун айрымдары тергөө абагында кыйноолорго кабылганын айтышат.

Дагы бир журналист Ульфатхоним Мамадшоева 2002-жылы май айында Тоолуу Бадахшанда болгон окуялардан кийин тополоң уюштуруу беренеси менен камалган. Анын тарапкерлери сот иши жок жерден токулган деп эсептешет.

Өткөн айда БУУнун сегиз эксперти камалган журналисттер менен жарандык активисттердин тагдырына камтама билдирген кайрылууга жооп күтүп жатканын айтышкан. Эксперттер кармалгандардын укуктары одоно бузулган деп белгилешкен.

Тажикстандын бийлиги акыркы мезгилде адам укуктары сакталбайт деп БУУнун, Батыштын жана эл аралык уюмдардын сынына кабылып келатат.

Дагы караңыз

"Акынжы" менен "Аксүнгүр" коопсуздукка кепил боло алабы? Иранда хижаб үчүн кармалган кыз көз жумду Жогорку Cот Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды