Кыргыз-казак чек арасындагы тыгында үч жүздөн ашуун машина турат

Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде бүгүнкү күнгө, 30-октябрга карата Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335 экенин “Азаттыкка” Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, машиналардын көбү айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар:

“Адатта бул мезгилде ушундай эле болот. Себеби баары түшүмүн жыйнап, башка өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биз тараптан да, казак тараптан да жүк ташууда эч кандай чектөө жок”.

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Августта Чүйдө жана Таласта чек арадагы бекеттерде дээрлик бир жумадан ашуун убакытка созулган тыгын учурунда кезекте турган машиналардын саны 500гө чейин жетип жаткан.

Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат. (RK)

Дагы караңыз

Одесса портунда кемелерди оңдогон заводго дүрмөт тийдиМахачкаланын аэропортундагы тополоңдон кийин 60 киши кармалды