Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Одесса портунда кемелерди оңдогон заводго дүрмөт тийди


Одесса порту орус армиясынын соккусунан кийин. Архивдик сүрөт
Одесса порту орус армиясынын соккусунан кийин. Архивдик сүрөт

30-октябрда таң эрте Украинанын Одесса шаарына сокку урулганын, кемелерди оңдогон ишканага дүрмөт тийгенин облус губернатору Олег Кипер билдирди.

“Өрт тутанып, заводдун административдик имараты менен жабдуулары зыян тартты”, - деп жазды Кипер Телеграмга. Анын айтымында, жарадар болгон эки киши ооруканага жеткирилди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясы жазганына караганда, түн ичинде орус армиясы 12 “Шахед” дрондору менен чабуул койду.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы “алардын баарын абадан коргонуу системалары жок кылганын” маалымдады. Башкы штаб кошумчалагандай, жекшембинин таңынан дүйшөмбүнүн таңына чейин майдандын Купянск, Лиман, Авдеевка, Марьинка, Шахтерск жана Запорожье багыттарында 60 чакты кармаш жүрдү. Карапайым калк арасында жоготуулар болгону кабарланды.

Ал арада Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын үстүнөн атып түшүрүлгөн учкучсуз учактын сыныктары алты жер тамдын чатырларына зыян келтиргени маалым болду. Шаар администрациясынын башчысы Алексей Логвиненко эч ким жабыркабаганын билдирди.

29-октябрда күбөлөр Ростов-на-Донуда бир нече жарылуу болгонун жазып, социалдык тармактарга видеолорду жайгаштырышкан. Кийинчерээк облус губернатору "абадан коргонуу системасы иштегенин, бута жок кылынганын, кыйроолор болбогонун" билдирген.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын текшерүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG