29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү жарыяланды

32 адамдын өмүрүн алган кырсык болгон шахтага "АрселорМиттал Темиртау" ээлик кылат. Иллюстрациялык сүрөт.

Караганды облусундагы көмүр шахтасындагы өрттөн 32 адам каза тапканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Аза күтүү күнү деп жарыялады.

Казак президенти кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко шахтасына барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, авариянын себептери иликтенип, куткаруучу операциялар уланып жатканын билдирди.

Расмий мааымат боюнча шахтадагы авариядан набыт болгондордун саны 32 адамга жетти. Ушул тапта жер алдында дагы 14 шахтер калганын "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы маалымдады.

Ишкана өрт шахтадагы метан газынын жарылуусунан улам чыкканын билдирген. Маалыматка ылайык, жарылуу болгон кезде шахтада 252 адам болгон, алардын 208и тышка чыгарылган. Жергиликтүү бийлик куткарылган шахтерлордун 18и ооруканага жеткирилгенин маалымдаган, учурда алардын 17си бейтапканада, бирөө абалы канааттандырарлык болгону үчүн стационардан баш тарткан.

Кырсык боюнча Кылмыш кодексинин "Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук талаптарын бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык кендеги акыркы үч айдагы адам өлүмү менен коштолгон экинчи кырсык. Августтун ортосунда "Казакстан" шахтасында чыккан өрттөн беш киши каза таап, 16 адам жараат алган.

Расмий маалыматтар боюнча, 15 жыл аралыгында "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын кендеринде 100дөн ашык адам өлгөн. Бийлик буга чейин ишкананы өндүрүштү жаңылоо жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбаганы, коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн сындаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев окуядан кийин өкмөткө "Арселор Миттал Темиртау" компаниясы менен кызматташууну токтотууну тапшырганын Ак Ордо маалымдады. Казак өкмөтү ишембиде компаниянын активдерин "Казакстандын пайдасына" кайтаруу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Казак өкмөтү буга чейин да аталган ишкананын өлкөдөгү кен тармагында келечеги жоктугун белгилеп, бирок компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чара көргөн эмес.

"Арселор Миттал Темиртау" компаниясы Караганды көмүр бассейниндеги бир катар кендерге ээлик кылат. Андан тышкары Темиртаудагы металлургиялык комбинат жана шаардагы инфратүзүм объекттери да "АрселорМиттал Темиртау" ишканасына таандык. Компанияны британиялык миллиардер, теги индиялык Лакшми Миттал көзөмөлдөйт.

Дагы караңыз

Баткен: чек арадагы дүкөн аткезчилик менен алектенгени аныкталдыКыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрмө бекет ачылдыКыргызстандын маалымат айдыңын ээлеген орус пропагандасыБишкек шаарына 31-октябрда жылуулук берилетБишкекте Газанын тургундарын колдогон акция уланды