Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, 27-октябрда, саат 14:30 чамасында Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун жолунда өрт кырсыгы катталды.
Ага ылайык, магистралдын 96-чакырымынан түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан күйүүчү май ташуучу унаанын чиркегичи кулап, күйүп кеткен. “Мерседес Бенц” жана “Хонда СРВ” унаалары жардам берүү үчүн токтогон учурда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жеңил автоунаалар да күйүп кеткен.
Кырсыктан төрт адам жараат алып, Жайыл райондук ооруканага жеткирилди.
Кара-Балта шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынан өрт өчүрүүчү бир бригада, үч куткаруучу тартылып, өрт толугу менен саат 15:40та өчүрүлдү.
Бишкек-Ош жолунда автоунаалардын кырсыгы көп катталат. Адам өлүмү менен коштолгон учурлар да арбын.(ZKo)
Дагы караңыз
АКШ 2024-жылы 80 миңдей окуучуга ысык тамак берүүгө каралашат Аннексияланган Крымда орусиячыл саясатчыны атып кетиштиКыйноолорду алдын алуу борбору интернаттагы укук бузууларды аныктадыГрузияда жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоо маселеси талкууланды