Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Аннексияланган Крымда орусиячыл саясатчыны атып кетишти


Жогорку Раданын мурдагы депутаты, орусиячыл активист Олег Царев. 21-февраль, 2015-жыл.
Жогорку Раданын мурдагы депутаты, орусиячыл активист Олег Царев. 21-февраль, 2015-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымда Жогорку Раданын мурдагы депутаты, орусиячыл активист Олег Царевду белгисиз бирөөлөр атып кетти. Бул тууралуу “Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов билдирди.

Учурда Царев оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда экени кабарланды.

Саясатчынын Телеграм-каналынын администратору жазгандай, кол салуу 27-октябрга караган түнү Царев жашаган Ялта санаторийинин аймагында болгон.

Олег Царев Жогорку Раданын төрт жолку чакырылышынын депутаты болгон. Ал Киевден 2014-жылы чыгып кетип, соңку жылдары Орусия аннексиялап алган Крымда жашап, саясий ток-шоуларга активдүү катышып келген.

Украинадагы сот аны өлкөнүн чек араларын өзгөртүү жана конституциялык түзүмдү алмаштыруу боюнча ачык чакырыктары үчүн сыртынан 12 жылга эркинен ажыраткан.

Жакында эле ал Мариуполду мигранттар калыбына келтирип, жергиликтүү тургундар жумушсуз калып жатат деп орус бийлигин сынга алган.

Буга чейин Украинанын Москва убактылуу ээлеп алган аймактарында бир катар орусиячыл активисттер киши колдуу болгон. Орусиянын тергөө кызматы бул үчүн украин атайын кызматтарын күнөөлөп келет. Киев бул окуяларды комментарийлебейт.

XS
SM
MD
LG