Бүгүн, 27-октябрда өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан батирде калган үч жаш баланы куткарды. Балдардын абалы канааттандырарлык. Алардан тышкары коңшу эки батирдин тургундары да коопсуз жакка чыгарылган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкектин "Аламүдүн-1" кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 8-кабаттагы батирлердин биринде өрт чыккан.
Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, себеби такталып жатат.
Акыркы суткада жалпы өлкөдө беш өрт катталган. Адамдар жараат алган учурлар катталган жок.(ZKo)
Дагы караңыз
Чакан жана орто бизнеске четтен тартылган инвестиция көбөйдүГрузияда жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоо маселеси талкууланды Бишкекте советтик репрессиянын курмандыктарын эскерүү акциясы өтөт Кыйноолорду алдын алуу борбору интернаттагы укук бузууларды аныктадыОрус армиясы Изюмдагы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урдуМосква: теги тажикстандык эки жаранга аскерден баш тартканы үчүн иш ачылдыКинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды