Москвада сот “Биринчи каналдын” мурдагы редактору Марина Овсянникованы ата-эне укугунан ажыраткан чечим кабыл алды. Бул тууралуу SOTAVision Телеграм каналы соттун маалымат кызматына таянып жазды. Овсянниковага каршы арызды мурдагы күйөөсү, Russia Today каналынын кызматкери Игорь жазган.
Марина өзү 17 жаштагы уулу жана 11 жаштагы кызы менен учурда Парижде турат.
Ушул ай башында сот аны согушка каршы пикетке чыкканы үчүн сыртынан 8,5 жылга эркинен ажыраткан.
Соттун ата-эне укугунан ажыраткан чечимин комментарийлеп жатып, Овсянникова бул саясий чечим экенин билдирди.
"Балдарым согуш ачпаган, кошуналарына кол салбаган эркин өлкөдө жашашы үчүн баарын курмандыкка чалганымды билип, алар качандыр бир кезде мени менен сыймыктанышар”, - деп жазды Овсянникова X социалдык түйүнүнө.
Марина Овсянникова былтыр 14-мартта “Время” программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артында туруп Москванын Украинадагы согушун айыптаган.
Дагы караңыз
Орусия ИИМи маңзаттан улам кармалган мигранттар көп экенин билдирдиӨкмөт "Тез жардамда" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү карап жататСадыр Жапаровдун коррупцияга шек саналган иниси үй камагына чыкты