Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бишкек шаары.

27-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Дагы караңыз

Жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө ачылдыАдахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирдиТокмок: ыдык көрсөтүүгө шектүүнүн өлүмү боюнча териштирүү жүрүп жатат