Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАС радикал тобун "террордук" деп атаган өлкөлөрдү сынга алды. Ал түрк парламиентинде сүйлөп жатып, бул топту "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан можахеддердин боштондук тобу" катары сыпаттады.
Эрдоган ошондой эле Израилге сапарын токтотуп койгонун билдирди. Түрк президенти Анкара Тель-Авив менен алака-катышын биротоло жөнгө салууну ниеттенип жүргөнүн, бирок Израил "мындай жылуу мамиледен ашкере пайдаланып, өз кезегинде жооп катары тиешелүү кадамдарга барбаганын" белгиледи. Андан сырткары Израил менен жаңжалда Түркия Палестина тараптын "гарант өлкөсү" болууга даярдыгын билдирди.
Өткөн жылдын аягынан тартып Анкара менен Тель-Авив алака-катышын элчилердин деңгээлинде жанданткан. Анда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара палестиналыктардын укугун коргоону улантарын эскертип келген.
Эки өлкөнүн мамилеси 2010-жылы Израилдин атайын күчтөрү Түркиядан Газа тилкесине чыккан “Мави Мармара” кемесин кармагандан кийин кескин начарлап кеткен.
Дагы караңыз
Жер мунапысы: Бишкек мэри кызыл китеп берүүнү тездетүүнү тапшырды АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6,5 миңдей орун берилет УКМК: улут аралык жаңжал чыгарып, каршылык көрсөткөндөр кармалды Быйыл алты айда Кытай Кыргызстанга 102 млн долларлык инвестиция салды ЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү демилге-сунушун сынга алды