Роберт Фицо Словакиянын өкмөт башчысы болуп дайындалды

Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо.

Словакиянын президенти Зузана Чапутова премьер-министрликке Роберт Фицону 25-октябрда расмий дайындады. Анын партиясы октябрдын башында өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, дагы эки партия менен чогуу көпчүлүк коалиция түзө алды.

Фицо шайлоо өнөктүгү маалында Украинага аскердик жардамды токтотуу зарылдыгын, Орусияга киргизилген санкцияларга каршы экенин айтып келген. Азырынча Фицо бул сунуштарын ишке ашырууга канчалык аракет көрөрү белгисиз.

Словакия парламентинин жаңы чакырылышы 25-октябрда алгачкы жыйынга чогулду. Төрагалыкка “Добуш” партиясынын лидери Петер Пеллегрини шайланды. Ошондой эле көпчүлүк коалицияга орусиячыл позициясы менен белгилүү Словак улуттук партиясы кирди. Ал эми европачыл, либерал партиялар оппозицияда калды.

Ушуну менен Фицо үчүнчү жолу беш миллиондой калкы бар Словакиянын өкмөт башына келди. Ал буга чейин 2006-2010-жылдары, 2012-2018-жылдары өкмөттү жетектеген.

Роберт Фицо 2018-жылы иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированын киши колдуу болушуна байланыштуу өлкөдө тутанган нааразылыктан улам кызматтан кеткен.

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинадагы АЭСтин аймагына сокку урдуАрменияда кызылча илдетинен бир бала чарчап калдыТашкентте ичимдик сатпаган "халал" ресторандар жабылып жатат