Орусиянын “Биринчи каналындагы” талкууга байланыштуу Москванын Еревандагы элчиси Сергей Копыркин Армениянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Талкууда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын АКШ менен “байланышы” тууралуу сөз болгон.
Расмий Ереван билдиргендей, анда “Армениянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн дарегине кабыл алынгыс, беделине доо кетирген пикирлер айтылган”. Элчиге каршылык нотасы тапшырылганы маалым болду.
РБК агенттиги белгилегендей, федералдык каналда "Никол Пашинян: жамандыктын жарчысы” деген берүү көрсөтүлгөн.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 7-октябрда Страсбургда Европа парламентинде сүйлөп жатып, Ереван Евробиримдикке ыктоого даяр экенин айткан. Ал ошондой эле Еревандын формалдуу өнөктөштөрү Армениянын жана Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугун камсыздоодо жардам бербегенин кошумчалаган.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга "Москва Тоолуу Карабактагы бейпилдик күчтөрүнүн дарегине айтылган сынга кошулбайт" деп жооп кайтарган.
Пашинян буга чейин "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.
Баку 19-сентябрда Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берген. Эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюу тууралуу буйрукка кол койгон. Көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.
Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна даттанган.
Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды коомго "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.
Дагы караңыз
Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат Москванын муфтияты мечиттеги окуяга нааразылык билдирди USAID Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча 14,3 млн доллар бөлөт