Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

USAID Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча 14,3 млн доллар бөлөт


Самаркандда өткөн жыйын.
Самаркандда өткөн жыйын.

24-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү менен жыйынга катышты. C5+1 форматындагы аймактык кызматташтыкты күчөтүү боюнча жыйында Пауер АКШ Борбор Азия үчүн кошумча 14,3 миллион доллар бөлө турганын билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, тараптар сооданын көлөмүн көбөйтүү, көмүр кычкыл газынын жайылышын азайтуу максатында кызматташууну тереңдетүүнү макулдашкан.

USAID Борбор Азия өлкөлөрүнө көмүртектин көлөмүн азайтуу боюнча стратегиялары менен бөлүшүп, аймактагы мамлекеттердин ортосундагы бажы системаларын модернизациялоо иштерине колдоо көрсөтөт. Бул ич ара сооданын көлөмүн көбөйтүп, чек арадан өтүү убактысын кыскартып, текшерүү процессин жеңилдетери жазылган.

USAID жүз чакан жана орто ишканага 10,8 миллион доллар бөлө турган болду. Булар негизинен маалыматтык технологиялар, жашыл экономика сыяктуу негизги секторлор боюнча стартаптарга берилет.

“Долбоор аялдарды, жаштарды жана калктын аялуу катмарына 21-кылымдын экономикасы талап кылынган көндүмдөрүн үйрөтүп, Борбор Азиянын 8 миң жаранына жумуш орундарын түзүүгө жана жакшыртууга көмөктөшөт”, - деп жазылган маалыматта.

Уюм Борбор Азияда интернеттеги жана ЖМКдагы маалыматтын сапатын жакшыртуу, туура эмес маалыматтарды аныктоо жана аны менен күрөшүү көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн 1,5 миллион долларлык программа иштей баштай турганын маалымдады.

USAID он жылдан ашык убакыттан бери Борбор Азия боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын трансформациялоону колдоп келет. Бул жаатта 2 миллион доллар кошумча инвестиция бөлүнө турганы белгилүү болду.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам берген.

XS
SM
MD
LG