Москванын муфтияты мечиттеги окуяга нааразылык билдирди

Москвадагы Айт намазга чогулган мусулмандар. 21-апрель, 2023-жыл.

Москванын Мусулмандар дин башкармалыгы Котельники шаарындагы мечитте 20-октябрь күнү жума намаздан кийин болгон окуяга нааразылык билдирип, орус президенти Владимир Путинге кайрылуу даярдап жатат.

Бул тууралуу "Говорит Москва" басылмасы башкармалыктын өкүлү Марат Алимовго шилтеме берип кабарлады.

Анын айтымында, Мусулмандар дин башкармалыгы окуя тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев менен Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимхановго кабарлашкан.

Котельники шаарында 20-октябрда жума намаздан чыгып келаткан ондогон эркекти полиция кармап, аскер комиссариатына жеткирген. Кармалгандарга ал жерде кысым көрсөтүлүп, орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлашканын маалымат каражаттары кармалгандардын бири Мамут Усеиновго таянып жазып чыгышкан.

26 жаштагы Усеинов Орусиянын Биринчи каналы өткөргөн ыр сынактын финалына чыгып таанылган.

Ал орус паспортун 2014-жылы аннексияланган Крымда алган. Ден соолугунан улам армияга барган эмес. Орус бийлиги окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Орусияда азыр армияга күзгү чакыруу жүрүүдө. Бийлик армияга чакырылган уландар Украинага согушка жөнөтүлбөйт деп билдирген. Ошол эле маалда жарандарды, анын ичинде мигранттарды армияга келишим менен барууга азгырган жана мажбурлаган учурлар көп.

Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алгандар Украинадагы урушка баруудан баш тартса, аларды жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Дагы караңыз

USAID Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча 14,3 млн доллар бөлөтБишкекте автобус эки кишини коюп кетип, бири каза болду