Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү демилге-сунушун сынга алды

Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алды. Ал желекти өзгөртүүгө көпчүлүк каршы экенин белгилеп, 30 жылдан бери колдонулуп келген желек азыркыдай абалында калышы керектигин айтты.

"Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жатат. Биз желектен башка нерсени жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коелучу. Бул күндүн нуру. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок, анда ал уйгак болуп калат. Башка иштерибиз кокодон болуп турганда туу менен алектенсек эртең элибиз кечирбейт. Бул туу 30 жылдан бери эн тамга болуп келатат".

Төрага Нурланбек Шакиев ага жооп берип, туунун авторлору менен жолукканын, алар баштапкы варианты өзгөрүп кеткен айтканын, максат биринчи калыбына түздөп алып келүү экенин билдирди. Самыйкожо туунун авторлорун дагы сынга алды.

"Эгер туунун авторлору дагы күн карама деп аткан болсо анда өздөрү дагы күн карама. "Күн тийген жердин күкүгүнө" айланып, жетим көпөлөктөй ар кайсы жерде айланып, ким эмне десе ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет",-деди депутат.

Шакиев 24-октябрда мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков, ошондой эле мамлекеттик-коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов менен жолугуп, алардын сунуштарын, пикирлерин уккан. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда спикер азыркы туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү керектигин айткан.

"Өз кезегинде Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтты. Алгачкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эместигин билдирди. Жолугушуу соңунда алар он күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келерин билдиришти. Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлордун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалады",- деп жазылган маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Анда желектеги күндүн нурун "күн карамага" окшоштургандар да бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” болорун айткан.

Өткөн айдын аягында Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган, тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени жазылган.

Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешкен авторлор.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган, анда 3-берене менен тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, түстүү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Анда “Мамлекеттик туу ортосуна кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч түрүндөгү кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт” деп жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен “Түндүктүн радиусу туунун энинин алтысынын бирин түзөт. Нурлуу алкактын сырткы радиусу нурлуу алкактын ички радиусу менен түндүктүн ички айланасынын радиусунун суммасына барабар. Нурлуу алкактын ички радиусу туунун энинин беш жарым бөлүгү менен түндүктүн борборунун аралыгынын эки эселенген суммасына барабар” деген сүрөттөө кошулууда.

Дагы караңыз

Парламентте жабылган мечиттерге байланыштуу маселе көтөрүлдүЭмгек министрлиги Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу жобосун эскертти"Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт Газага гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун авторлорунун сунуштарын укту Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө быйыл кошумча акча бөлүнгөн жок"Коопсуз шаар-2" долбооруна байланыштуу сот иштери аяктай элек