Украин бийлиги Донецк жана Херсон облустарынан балдарды эвакуациялайт

Купянскиден эвакуациялангандар. Украина. 2023-жыл, август

Украинанын Реинтеграция министрлиги Донецк жана Херсон облустарынын Киевдин көзөмөлүндөгү айрым жерлеринен балдар эвакуация болорун жарыялады. Мекеменин каналында айтылгандай, бул чара орус армиясы аймакты аткылап, кирип барышы ыктымалдыгынан улам көрүлүудө.

Донецк облусунун Бахмут жана Покровск райондорунан 250гө жакын тестиер чыгарылат. Адегенде аларды гуманитардык хабга алып келип, зарыл болгон жардам берилгенден кийин Житомирге жөнөтүшөт.

Херсондогу 23 жерден 802 бала Николаев, Одесса жана Львов облустарына эвакуацияланмакчы.

Донецк жана Херсон облустарында азыр айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Орус аскерлери Авдеевка шаарына чабуул коюп келатканына бир жумадан ашты. Алардын аткылоосу да күч алды.

Жайдын аягында украин бийлиги Харьков облусунун Купянск районунан да жеткинчектерди коопсуз жерлерге көчүрүп кеткен. Сентябрда Херсон облусунун Киевдин көзөмөлүндөгү калктуу конуштардан балалуу үй-булөлөр чыгарылган.

Дагы караңыз

Төө-Ашууда жүк ташыган машиналарга киргизилген чектөө алынды "Бәсе" Youtube каналынын авторлору Айдос, Наталья Садыковдорго издөө жарыяландыНарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда