Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

"Бәсе" Youtube каналынын авторлору Айдос, Наталья Садыковдорго издөө жарыяланды


Сыдыковдор кызы менен.
Сыдыковдор кызы менен.

"Бәсе" Youtube каналынын авторлору, казакстандык Айдос жана Наталья Садыковдорго издөө жарыяланды. Украинада жашаган түгөйлөрдү казак Ички иштер министрлиги «социалдык, улуттук, диний кастыкка шыкактаган» деп айыптоодо.

Айдос Сыдыков «Азаттыктын» казак кызматына берген комментарийде кылмыш иш козгоонун артында саясат турат деп эсептерин айтты. Алар негиздеген каналда казак бийлигин сындаган роликтер жарыяланып, кандуу Январь окуяларынан кийинки сот процесстери чагылдырылып келет.

Сыдыков Казакстанда жапырт куугунтук жүрүп жатканын, активист, журналист, блогерлерди камоо кеңири жайылганын айтып, «Бәсе» өз ишин улантарын кошумчалады.

Сыдыковдор 2014-жылы Актөбө шаарынан Киевге көчүп кеткен. Анын алдында журналист Наталья Сыдыковага экс-депутат Марал Итегуловдун арызы менен кылмыш иш козголгон. Итегулов журналист башка ысым менен жарыялаган материал аны каралаган деген доомат арткан.

Айдос 2010-жылы бейбаштык беренеси менен эки жылга кесилген. Ал өзү жана тарапташтары кылмыш иш токулган деп эсептешет. Сыдыков коомдук иштерге активдүү аралашып, нааразылык акцияларын уюштуруп журчү, оппозициядагы “Азат” Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын Актөбөдөгү филиалын жетектеген. Кийин өз алдынча оппозициялык кыймыл жана көз карандысыз кесиптик кошуун түзүүгө аракеттенген.

Украианада Сыдыковдор качкын макамын алган.

XS
SM
MD
LG