Султан Раевдин “Топон” романын окуш оңой да, кыйын да. Оңойлугу – текст чыйрак жазылган; анда бүтүндөй абзацка же бетке толгудай узун, татаал сүйлөмдөр жок. Чыгарманын фабуласы да жөнөкөй көрүнөт – адаттан тыш болсо да, аз эле окуялар, төрт-беш гана каарманы бар. Ырас, сюжет тереңдеген сайын, интертексттин улам кийинки түрмөгү көрүнгүс жиптен тартканда алыс-алыстардагы коӊгуроодой кагыла-жаӊыра берет; мифологиялык өзөгү бүтүндөй баянга сырдуу интонация тартуулайт. Ал өзгөчө ыргагы, айрым учурларда симфониялык полифонияга чейин жеткен музыкалуулугу менен өзүнө тартып турат. Китептин негизинде качандыр бир кезде күчтүү композиторлордун катышуусу менен өтө терең маанилүү фильм тартылат деп ойлойм. Бул үчүн романдын сюжети өзгөртүлүшү да мүмкүн.
Кошул-ташыл дооштор
Ырас, роман – жыргап уга турган музыка эмес, анда түркүн мотивдер бар, кулакка жакпаган, көзгө өөн учурагыдай жерлери да кездешет. Мунун объективдүү да субъективдүү да себептери болушу мүмкүн. Балким, ушундай көп добуштуулуктан кээ бир окурмандар абдаарып калаар. Бирок каармандын башынан өткөргөн окуялардын айлампасына тартылганда, ар ким өзүнө ылайык келген нерселерди баамдап, сезет. Окурмандардын кыйласы окуянын жүрүшүнө эле алаксып калбай, аз да болсо чыгарманын тереӊ маанисин жакшыраак түшүнүүгө аракет кылат деп ойлойм.
“Сансыз жылдыздар ийненин учундай ар-ар жерден жылт эте калып, бир жанат да, кайра үлп этип өчүп калат. Адам баш терисин сыйрып алгандай жер чарыгы о алыста-алыста тегирмен ташындай чарк төгөрөнөт...”. Ушинтип башталган романга эпиграф катары махабат менен ааламдын ырчысы, Чыгыштын даанышманы Барпынын бул саптары тандалганы да бекеринен эмес:
“Жер бетинде бейиш бар,
Жер бетинде кейиш бар.
Жер бетинде жыргал бар,
Жер бетинде куурал бар.
Жер бетинде өмүр бар,
Жер бетинде өлүм бар.
Жер бетинде күнөс бар,
Бардыгына Жер түтөт,
Бир кубанып, жүз түтөп...”
Бир эле убакта кабатырланткан да – көӊүлдү кайра тынчыткан да, өтө лирикалуу/дилгир да – кайдыгер да сезилген баяндын толкундары ушул ырдан кийин башталат. Эзелки Жомоктон – Эпостон учук улаган романдагы өзгөчө Сөз ушул. Ошентип, Улуу Топон суунун каптап келиши мындай сүрөттөлөт:
“Суунун албуут күчү ажыдаардай атырылып, алдынан чыккандын баки-жогун ийиктей чимирилген койнуна жутуп, алкымы ачылып жети материгин кошо мойсоп, ал гана эмес асман чийген улуу тоолор учу суу астында калды... Бу кара суу учу-кыйырына көз жеткис талааларды, тегиздикти, кумдуу чөлдү, аскар тоолорду, шаар-кыштактарды, Эйфель мунарасын, Улуу Кытай дубалын сууга бүктөп, Мисирдин шуштугуй кырдуу пирамидаларын аласалдырып, ай-буйга келбей шамалга учкан кургак чөптөй көтөрүп жөнөдү...”
Каармандардын рухий жашоосундагы эң оор, опурталдуу учурлар өзгөчө ыргак менен берилген. Романда музыканы сөз менен сүрөттөгөн учурлар кездешкени да бекеринен эмес:
“...Адамдын трагедиясы да жердин жети катмарын жарып чыккан миӊ кайрыктан тургандай сезилди... Жүрөктү туш тараптан, кудум эле виолончелдин кылын тыткандай тытып кирди... Анан барып, бу ээ-жаа бербеген кооптуу кайрыктар, шаабайы өчкөн толкундай, улуу жымжырттыкка сиӊип кетет да, так ошо жымжырттык булагынан агылып, назик, баёо, тунук ыргактар тамылжый жылтыраган толкундардай, майда көбүктөнүп, жашоонун изги үнүндөй, Айдын үлбүр нурундай, кызгалдактын үлбүрөгүндөй, назик желаргыдай, дарыянын шапатасындай, балыктын суу астында сызганындай, каректин тунганындай, сезимдин кылдарындай угулат...” (Листтин “Прелюдалар” симфониялык поэмасынын сүрөттөлүшүнөн үзүндү. Романда жана Вагнердин мотивдери да бар).
Дагы караңыз Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагыҮндөштүк жана каяша
Барпынын саптарынан башталган бул романда түркүн булактарга ишарат жасалган. Топон Суу жөнүндө Библия, Тооратта айтылган сөздөр, ислам динине тиешелүү энциклопедиялык маалыматтар да ар кайсы келкилерде кездешет. Байыркы майя шаарларынын урандыларын изилдеген илимий эмгекке шилтеме берилген. Тарыхый окуялар менен үндөшкөн жерлери да бар. Китептеги көп маанилүү, көп катмарлуу идеялардын, мисалы, жакшылык менен жамандыктын элдешкис... биримдиги жөнүндөгү ойлордун көркөм чагылдырылышы менен айкалышкан ар бир цитата (сөзмө-сөз же кыйыр түрдө) адам жашоосундагы карама-каршылыктардын эзелкилигин, түбөлүктүгүн дааналантып турат:
“Топон жүрөктөн башталып, жүрөктөй болгон Жер шарын каптайт окшоду...” (268-б.). Бул жерде Чыӊгыз Айтматовдун “Кыямат” романындагы Ыйса пайгамбардын (Иисус Назаряниндин) акыр заман жөнүндөгү сөзүнө кыйыткандай (“...Римдин өкүл-акими, билип кой, кыямат кайым менден эмес, табияттын кокустугунан эмес, адамдардын мунаса келишпестигинен болот”).
Айтылуу мифтин Библиядагы жана Курандагы версиялары дароо эле эске түшөт. Автор өзү деле Нук, Ыдырыс, Ыйса пайгамбарлар менен романдын башкы каарманы Хенин тагдырындагы окшоштукту баса белгилеп турат. Бул анын жасалма киши жаратууга киришкен илимпоз-генетиктердин алдында сүйлөгөн сөзүндө айрыкча даана көрүнөт.
Романдагы классика жана салттуу мифология менен болгон бардык үндөшүүлөргө, ошондой эле талаштуу, карама-каршылыктуу жерлерине ар бир окурман өзүнүн билишинче же каалашынча көӊүл бурат дейли. Романдын өзөк концепциясына макул болуу же кабыл албоо – ар кимдин өз иши. Эң негизгиси, бир гана “өзүнүкү”, “биздики” же “учурдагы керектүү нерсе” менен чектелбей, кайдыгерликке алдырбай жүрүү керек эмеспи...
Дагы караңыз Эдгар Понун мистикасыКудайдын куттуу күнү
Менимче, “Топон” көптөгөн талкуу, талаш-тартыштарга, илимий изилдөөлөргө себепкер болот. Ага философтор, маданият таануучулар, теологдор, сүрөтчүлөр, композиторлор, режиссёрлор, театр жамааттары кызыгышат. Ар кимиси өзүнчө сөз кылат. (Мында автордун ушул жана “Жанжаза” романдары менен “Кашаба” повести кирген жыйнакка философ Калык Ибраимов жазган баш сөздөн бир сүйлөмдү кыстара кетүүнү туура көрдүм: “Ошентсе да, мен бул эки жаратуучуга – Султан менен Эгеге – Кудай өзү көтөрө албай тургандай оор таш жарата алабы? – деп суроо узаткым келет”.)
А бул макаланы жыйынтыктап жатып, мен романдын тили, тагыраагы, орус тилиндеги котормосу жөнүндө чакан чегинүү жасап, түп нускадагы интонация кандай жеткирилгенине бир нече мисал келтирейин.
Куранда, Библияда жана башка диний булактар бул романда көбүнчө “Ыйык Китеп” деп жалпы ат менен аталган. Анткени кыргыздар буларды дал ушундай атап келген. Мунун өзү кайсы динде экенине карабай адам рухунун эң бийик мүдөөлөрү бир экенин ишарат кылып турат.
“Карабайсыӊбы, кашайгырдыкы, бу топон бүт адамдык акыл-парасатын аӊтарып, эс-учун жылан жалагандай тасырайтып кетти”. Бир нерсенин күтүлбөгөн жерден жоголуп кетиши же толугу менен жок кылынышы жөнүндө кыргыздар “жылан сыйпагандай” деп айтышат. Романдын орус тилиндеги көнүмүш сыпаттоолорго салыштырмалуу кыргызчадан түз оодарылган мындай сөздөр (“будто змея своим языком все слизала”) кыйла элестүү кабылданат. (Айтмакчы, ушул жерден балдардын аң-сезимин эле эмес, коомдук чөйрөсү жок, такыр ээн калып, рухий туӊгуюкка кептелген ата-энесинин абалын да көрөбүз.)
Орус тилиндеги текстте Алтын казык (“Золотой кол”) менен Үч аркар (“Три архара”) да сөзмө сөз берилиптир. Менимче, котормочу Т. Осмон тийиштүү эквивалентин билбегендиктен эмес, атайылап ушинткен окшойт. Бул орус тилдүү окурманга космосту башка, адаттан тыш өӊүттөн – байыркы кыргыздардын мифологиялык дүйнө таанымына ылайык карап көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Айтмакчы, биздин ата-бабаларыбыз жылдыздарды сыйкырдуу жомоктогудай көркөмдөп эле атап койгон эмес. Биздин байыркы бабалар алыска сапар тартканда, көчкөндө же эгин сепкенде, оор кеселди дарылаганда, башка маанилүү иштерди мерчемдегенде жылдыз санакты да колдоно билишкен.
“Кудайдын куттуу күнү” – бул фразеологизмдин түз оодарылганы (“благодатный божий день”) да орус тилдүү окурмандын эсинде калат деп ойлойм. Мааниси тереӊ. Көбүнчө бир нерсенин күн сайын кайталана беришинен тажаганда айтылат. Ырас, азыркы тынчы жок, сабырсыз, кайсы бир даражада башка маданияттардын таасири менен өзгөрүп калган кыргыздардын сүйлөгөнү кыйла башкача. Ошентсе да биздин ата-бабаларыбыз айыптуу балдарды жемелеген сөзүн деле өтө жумшак, боорукердик менен айтып, чындыгында бактылуу болгонго татыктуу экенин кыйытып, жакшы тилегин да айта жүргөнүн билип койсок кем болбойбуз. Мисалы, уулунун кандайдыр бир жорук-жосунуна нааразы болгон атасы тийиштүү көрүнүшкө кандай караганын кабак-кашы, үнү менен эле сездирип, “үйүӊө буудай толгур!” деп койчу эмес беле.
Уучубуз куру эмес. Сөз учугун улай берели, урматтуу окурман!