Ысык-Көлдөн март айынан бери 22,5 миңдей тонна таштанды чыгарылды

Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөн март айынан бери, 188 күндүн аралыгында жалпысынан 22 441 тонна таштанды жана 123 миңден ашык метр тор чыгарылганын кабарлады. Учурда суучулдар көлдүн Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыгын таштандыдан арылтууну улантып жатканын билдирди.

Июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

Дагы караңыз

ЖКнын комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин жактырды Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады УКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады Еврошаркет-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жолугат Бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүүнү сунуштады Газанын бийлиги 7-октябрдан бери 4651 адам набыт болгонун билдирди Иранда Махса Амини тууралуу жазган эки журналист аял соттолду