Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети "Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, аны жактырды.
Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр фондго бирдей каражат бөлөрүн, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын маалымдады.
"Фонддун уставдык капиталы 350 миллион доллар болот. Ар бир тарап уставдык капиталды бирдей өлчөмдө - 70 миллион доллардан төлөйт. Капиталды берүү үч жылдын ичинде бир канча транш менен ишке ашат. Бул фонддун максаты экономиканы өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, орто бизнес долбоорлорун каржылоо. Ошол эле учурда фонд аймактык долбоорлорго жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдеген долбоорлого өзгөчө көңүл бурат. Фонддун директорлор кеңешине ар бир өлкөдөн өкүлдөр кирет. Фонддун башкы кеңсеси жайгашкан жер болуп Стамбул шаары аныкталган",-деди Абдрахманов.
Өкмөт өкүлү фондго акча бөлүү маселеси келерки жылдын бюджетинде каралганын, ага ылайык биринчи транш менен беш миллион доллар берилерин кошумчалады.
Түрк инвестициялык фонддун түзүү тууралуу келишимге 16-мартта Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун cаммитинин кезексиз жыйынында кол койюлган. Ага уюмга мүчө Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын президенттери жана байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы катышкан.
Дагы караңыз
Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады УКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады Еврошаркет-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жолугат Бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүүнү сунуштады Газанын бийлиги 7-октябрдан бери 4651 адам набыт болгонун билдирди Иранда Махса Амини тууралуу жазган эки журналист аял соттолду