Маданият министрлиги жаштар үчүн долбоорлорго сынак жарыялады

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды колдоого багытталган долбоорлор боюнча сынак жарыялады. Мекеме 23-октябрда Фейсбук баракчасына жазгандай, сынактын максаты - жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу, билим берүү, ден соолук, активдүү жарандык катышуу жана кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Долбоорлорго мамлекеттик буйрутманын негизинде берилчү грант 1 млн. сомго чейин деп белгиленген. Аны ишке ашыруу 2025-жылдын 1-декабрына чейин деп көрсөтүлгөн.

Сынакка сунуштаган тармагы боюнча бир жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салыктары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) катыша алат. Сынактын катышуучусу юридикалык жак катары катталышы керек жана өзүнүн банктык эсеби болушу зарыл. Ошондой эле бир нече уюмдар биригип катыша алышат.

Сунуштар 5-10-ноябрь аралыгында кабыл алынат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов быйыл жаштарды колдоого бөлүнгөн каражат көбөйүп, 38 миллион сом болгонун 20-октябрда Жогорку Кеңештин беш фракциясынын жыйынында билдирген. Жаштарды колдоо боюнча атайын программа иштелип чыкканын айткан.

Дагы караңыз

"Ак-Тилек" бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 400дөн аштыӨкмөт тогуз айда эмгек акы 25,7% көбөйгөнүн билдирдиСириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов дүйнө салды