Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Өкмөт тогуз айда эмгек акы 25,7% көбөйгөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети быйыл тогуз айда Кыргызстанда айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди. 23-октябрда өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматта тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27% көбөйүп, 9 млрд 407 млн долларды түзгөнү да жазылган.

Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46% (1,85 млрд доллар), импорт 23% (7,5 млрд доллар) өскөнү айтылат.

Ошондой эле мейманкана жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн кирешенин да көлөмү өскөн, быйыл тогуз айда былтыркы ушул мөөнөткө салыштырмалуу 20% көп болуп, 23 млрд сомго жеткен.

Жүк ташуулардын көлөмү 13% өсүп, ал 35,5 млрд сомду түзгөн.

“2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18% өсүп, 791 млрд сомду түздү. Мындан тышкары негизги капиталдык инвестиция 17% өсүп, 97 млрд сомду түздү. Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13% өсүп, 106 млрд сомду түздү”, - деп жазылган анда.

Айыл чарба тармагында быйыл өсүш болгон эмес, көрсөткүчтөр былтыркы бойдон калган. Өнөр жай өндүрүшүндөгү эң чоң өсүш быйыл Баткен облусунда катталып, 21% болгон.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин маяналары көтөрүлгөнү менен, кымбатчылыктан улам ал каражат жетишсиз болуп жатканы, мындан улам кадрлардын жетишсиздиги байкалганы буга чейин Жогорку Кеңеште да айтылган.

Баалардын көтөрүлүп жатканын өкмөт да ырастап, муну импорт менен байланыштырган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 20-октябрда Жогорку Кеңештеги беш фракциянын жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата инфляция 11% тегерегинде кармалып турат.

XS
SM
MD
LG