"Ак-Тилек" бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 400дөн ашты

"Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Мамлекеттик чек ара кызматы 23-октябрда саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан чыгуу үчүн 410 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турганын билдирди. Мекеме "унаалардын өтүүсүнө эки тараптан тең эч кандай чектөө жок, мунун себеби Кыргызстандан айыл чарба азыктары сыртка көп ташылып жатканы" деп түшүндүрдү.

Чек ара кызматы билдиргендей, “Ак-Тилектен” өткөн суткада 297 унаа Казакстанга кирген.

“Ак-Тилек” бекетиндеги тыгын буга чейин 5-октябрда да байкалып, анда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 569га жеткен.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Эки өлкө экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

Дагы караңыз

Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов дүйнө салдыЭл аралык резервде Кыргызстандын 51 тонна алтыны сакталып туратУКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады