Бишкекте Газанын тургундарын колдоо акциясы өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар тез арада Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн эсеп ачуу демилгеси көтөрүлүп, согушту токтотуу жана аялдар менен балдардын укугун коргоого олуттуу көңүл буруу керектигин айтышты. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, бул маселеге Муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрылууга үндөдү.