Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” диний экстремисттик уюмунун Базар-Коргондогу активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды.
Кармалгандар “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмунун экстремисттик идеологиясын жарыялоо жана жайылтуу, катарына жаңы адамдарды азгыруу менен алектенген.
Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылган. Алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.
Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына камалды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, Кыргызстанда 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, соттун чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир" уюму да бар.(ZKo)
Дагы караңыз
Репрессияны изилдеген тарыхчылар "тилемчидей" абалда экени айтылдыСокулукта 13 жылдан бери бүтпөй турган мектептин маселеси парламентте көтөрүлдү Орусиянын армиясы Харьков облусун аткыладыТүндүк Кореянын лидери Орусиянын тышкы иштер министрин кабыл алдыСариев: Кытайдан чочулабай кызматташуу керек