Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Түндүк Кореянын лидери Орусиянын тышкы иштер министрин кабыл алды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Пхеньян. 19-октябрь, 2023-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Пхеньян. 19-октябрь, 2023-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөн айда орус президенти Владимир Путин менен келишилген макулдашууларды аткарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Пхеньянда жолугуп жатып айтканын Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары 20-октябрда жазышты.

Маалыматка караганда, Ким менен Лавров аймактык жана глобалдык алкакта жигердүү кызматташуунун жолдорун талкуулашты.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров шаршембиде Түндүк Кореяга эки күндүк визитин баштап жатып, ал өлкөнүн жетекчилигине Украинага каршы согушту колдогону үчүн ыраазычылык айткан. Коммунисттик Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Лавров Пхеньянды "АКШ менен Батыштын басым-кысымына моюн сунбаганы үчүн" мактады.

Бир нече күн мурун АКШ Түндүк Кореяны Украинадагы согуштук аракеттерде керектөө үчүн Орусияга миңден ашык контейнер аскердик техника жана ок-дары жөнөткөнү үчүн айыптаган. Ак үй бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея менен курал соодасына тыюу салган резолюцияларын бузарын белгилеген.

Пхеньян Орусияга курал жөнөткөнүн четке кагып келет, бирок Сеулдун расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын Москвага берген курал-жарактары Украинада мурда эле колдонулуп келгенин билдирди.

Бир ай мурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында Орусиянын президенти Владимир Путинге жолуккан.

XS
SM
MD
LG