21-октябрдын аба ырайы

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Meta жана TikTok ХАМАС боюнча жалган маалыматтарга жооп берүүгө милдеттендирилдиДепутат Малиев "чет элдик өкүл" мыйзамына башынан эле автор болбогонун айттыЭл аралык резервде Кыргызстандын 51 тонна алтыны сакталып туратБайден америкалыктарды Украина менен Израилди колдоого чакырды