Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Депутат Малиев "чет элдик өкүл" мыйзамына башынан эле автор болбогонун айтты


Арсланбек Малиев.
Арсланбек Малиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлугунан чыкканын бир катар басылмалар жазып чыкты. Малиев башынан эле бул долбоорго автор болбогонун “Азаттыкка” 20-октябрда билдирди.

“Мен ал тизмеде болгон эмесмин”, - деп кыска комментарий берди депутат.

Малиевдин жардамчысы Гүлжамал Атакулова Малиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча документтерге башынан бери эле кол койбогонун “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Малиевдин ордуна кол коюлганын байкагандан кийин аны авторлордун катарынан алып салуу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына кат жолдонгон.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тарткан. Бүгүнкү күндө Арсланбек Малиевди кошпогондо 19 депутат калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева.

Надира Нарматова мыйзам долбоорунда "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

Евробиримдик, Human Rights Watch жана бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин бул мыйзамды кабыл алуудан баш тартууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG