Эл аралык резервде Кыргызстандын 51 тонна алтыны сакталып турат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Эл аралык резервде сакталып турган алтын кору 51 тоннадан ашык.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Альянс”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” , “Ыйман Нуру” фракцияларынын жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов билдирди. Ал алтын Улуттук банктын эсебинде экенин, аны кыргыз өкмөтү колдоно албай турганын айтты.

Депутат Балбак Түлөбаев резервдеги алтынды өкмөт иштете албай жатканына нааразылыгын билдирди.

“Эмне үчүн биз колдо турган алтын менен Кытайдын карызын төлөп коюуга шарт болуп турса, төлөбөй жатабыз? 51 тонна алтыны жок деле жашаганбыз 1,8 тонна алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн элдин көңүлүндө турган Кытайга болгон 1,8 млрд доллар карызды төлөп салбайбыз?”, - деди Түлөбаев.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Эл аралык резервдеги алтын боюнча Улуттук банк иш алып барарын, өкмөт менен башкы банктын бюджети эки башка экенин түшүндүрдү. Ал тышкы карызды төлөөгө республикалык бюджеттин кудурети жетерин, карыз берүүчүлөр менен келишилген төлөмдүн жадыбалы сакталышы керектигин айтты.

Бакетаевдин берген маалыматында келерки жылы бюджеттин кирешеси 378 млрд. сом, чыгым 358 млрд. сом болору божомолдонуп жатат.

“Кумтөр голд компани” ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов 17-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынганын билдирген. Кумтөрдүн алтынын негизинен Улуттук банк сатып алып, кайра сатат же эл аралык резервдер фондуна сактайт.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-август айларында Кыргызстан чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түздү.

Дагы караңыз

Орусия: Бастрыкин Украинадагы согушка баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылдыБайден америкалыктарды Украина менен Израилди колдоого чакырдыКыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн визасыз жүрүү тартиби өзгөрдү Казакстанда милиция Өзбекстандын 60тан ашуун жаранын кулчулуктан куткарды