Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Ооганстандагы жер титирөөлөрдөн жапа чеккен он миңдеген кишиге чукул гуманитардык жардам берүү үчүн 19 миллион доллар бөлүүгө үндөдү.
БУУнун агенттигинин Ооганстандагы директорунун орун басары Ана Мария Салхуананын айтымында, жаратылыш кырсыгынан аман калгандарга жардам берилүүдө, бирок кошумча каражат керек, себеби программа ансыз деле начар каржыланып жатат. Ушу тапта 100 миң кишини тамак-аш менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.
7-октябрда Ооганстандын чыгышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин жер дагы бир нече жолу силкинди, эки ирет зилзаланын күчү 6 баллдан ашты.
Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылынын маалыматында, 7-октябрда 2 миңден ашык киши набыт болгон.
БУУ аймакта 25 миңге чукул имарат, арасында мектептер менен ооруканалар да урап калганын, аман калгандар чатырларда күн көрүп келатканын билдирди. Жер титирегенде эркектер жумушта жүргөндүктөн, курман болгондордун 90 пайызы - аялдар менен балдар.
Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жабыркагандар дагы бир нече ай жардамга муктаж болорун белгилейт.
Дагы караңыз
Өпкө оорусуна чалдыккан бейтаптар бир жылда 700 миңге жеттиЫсык-Көлдө "Зомбулукка жол жок" деген аталышта форум-театр өттү Украинада орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза тапты