Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:04

Ысык-Көлдө "Зомбулукка жол жок" деген аталышта форум-театр өттү


Зомбулукка каршы акциялардын бири. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.
Зомбулукка каршы акциялардын бири. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка жана балдар арасындагы укук бузууларга каршы өткөн форум-театр 9-октябрда башталып, 18-октябрда жыйынтыкталды. Иш-чара Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) демилгеси менен өткөрүлдү.

"Зомбулукка жол жок" форум-театрына окуучулар менен милиция кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана ата-энелер да катышты.

Окуучулар үй-бүлөдөгү зомбулук жана балдар арасындагы укук бузуулар маселесин чагылдырган спектаклдерди, инценировкаларды коюшту. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ата-энелер жана балдар менен ачык диалог жүргүзүп, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, балдар арасындагы укук бузууларды токтотуу боюнча пикирлерин ортого сала алышты.

"Зомбулукка жол жок" форум-театрынын алкагында он күндө 16 иш-чара өткөрүлүп, ага 2150 ата-эне жана 3150 окуучу катышты.

Мектеп окуучуларынын үй-бүлөлүк зомбулук жана кыздардын укугуна арналган жөө жүрүшү 18-октябрда Таласта да өттү.(ZKo/AKa)

XS
SM
MD
LG