Ирандын бийлиги бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында тарбияланган балдарга араб тили баштаган бир катар чет тилдерин окутууга тыюу салды.
Бул тууралуу 17-октябрда мамлекеттик маалымат каражаттары жазды.
"Бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында чет тилдерин окутууга тыюу салынат, анткени дал ушул курагында баланын иденттүүлүүгү калыптанат", - деген билим берүү министри Масуд Теграни-Фаржад.
Иран Ислам республикасында англис тилин башталгыч класстарда окутууга 2018-жылы эле тыюу салынган. Бирок чоң класстарда окутулуп келген.
Сентябрь айында өкмөт иран жарандарына жана кош жарандыгы бар адамдарга балдарын эл аралык мектептерге окутууга тыюу салган. Мунун себебин ирандык балдар мамлекеттик билим берүү системасынын алкагында окушу керектиги менен түшүндүргөн. Бул чечимден кийин Тегерандагы француз, немис тилинде билим берген мектептерде окуучулардын саны кескин кыскарган.
Дагы караңыз
Кесиптик лицей жана коллеж директорлоруна сынакта беш талапкер жогорку упай алыштыГрузиянын президенти кызматтан кетпей турганын билдирдиМамдума биринчи окууда өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарууну жактырды