Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Грузиянын президенти кызматтан кетпей турганын билдирди


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили "Мен эч жакка кетпейм. Кызматтан кетпейм, кетпейм", - деп билдирди 17-октябрда.

Мунун алдында бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе Зурабишвили Конституциялык соттун чечиминен кийин өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керектигин айткан.

"Бүгүн өлкөнүн Европадагы келечеги жана демократия бир таш менен өлтүрүлдү. Бийлик бутактарынын ортосунда баланс болбогон өлкө демократиялуу деп саналбайт", - деди Зурабишвили.

16-октябрда Грузиянын Конституциялык соту "президент Европага өкмөттүн уруксаты жок баруу менен Баш мыйзамды бузган" деп тапты.

Башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары ошол сапарлар үчүн президентке импичмент жарыялоо жараянын баштаганы 1-сентябрда маалым болгон. 80 мыйзам чыгаруучунун тиешелүү арызы сотко 14-сентябрда берилген. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жума ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Өлкө Конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Грузия Евробиримдикке мүчө болуп кирүү арызын былтыр тапшырган.

XS
SM
MD
LG