Астана ХАМАСтын чабуулдарын айыптап, Израилди Газада ашыкча күч колдонуудан карманууга чакырды

Газанын түштүгүндө Израил армиясынын соккусунан жабыркаган имараттын урандыларынын алдынан жакындарын издеген палестиндер. 17-октябрь, 2023-жыл.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 17-октябрда тараткан билдирүүгө ылайык, Астана ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун, аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесиндеги жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды.

«Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук жаралат жана Жакынкы Чыгыш менен бүтүн дүйнө үчүн кейиштүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн»-деп жазылат билдирүүдө.

Казакстан тараптарды аскердик аракеттерди токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүгө чакырган.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды. Экстремисттик топ 130дан көп адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы-ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлардын саны 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Бээжиндеги "Бир алкак, бир жол" форумуна катышпайтБыйыл Кумтөр алтын кенинен 14 тонна алтын казылып алындыУКМК Даниел Ажиевдин мамлекетке 44 млн сом которгонун четке какты