Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Президент Жапаров Бээжиндеги "Бир алкак, бир жол" форумуна катышпайт


Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде өтө турган “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы 17-октябрда “Азаттыкка” билдирди.

Буга быйыл октябрда өтүүчү КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгону айтылат.

Форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышууда.

ТИМ билдиргендей, 17-18-октябрда Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтыгынын үчүнчү форумунун темасы «“Бир алкак, бир жолду" жогорку сапатта куруу, жалпы өнүгүүгө жана өркүндөөгө биргелешип жетишүү» деп белгиленген.

Бул форумга 140тан ашуун мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, министрлери жана башка деңгээлдердеги 30тан ашуун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында экология, логистика, санариптик экономика, тышкы соода, маданий-гуманитардык байланыштар, аналитикалык борборлордун ортосундагы кызматташтык, аймактар аралык жана деңиз кызматташтыгын илгерилетүү маселелери талкууланат.

XS
SM
MD
LG