HRW Жогорку Кеңешти "чет өлкөлүк өкүл" мыйзамын артка кайтарууга чакырды

HRW уюмунун логосу.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча кайрадан тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, ал “өлкөнүн жигердүү жарандык коомуна терс таасир этип, алардын карапайым жарандардын укуктарын коргоосуна, социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө жана күчтүү, инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө кедергисин тийгизери” айтылат.

Билдирүүдө мыйзам долбоору өкмөткө бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө үчүн ашыкча ыйгарым укуктары берери, бул эл аралык коомчулуктун жана жарандардын нааразылыктарын жаратканы да айтылат.

“Бул Кыргызстандын бийлиги үчүн өлкөнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерине ылайык адам укуктарын сактоого берилгендигин көрсөтө турган учур. Кыргызстан февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондон кийин өз жеринде жана чет өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча алган милдеттенмесин эске алганда, бул - өзгөчө актуалдуу”, - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун четке кагышы керектигин, эгерде кабыл ала турган болсо, ага президент Садыр Жапаров кол коюудан баш тартышы керектигин белгилеген.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан.

Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Дагы караңыз

БУУ өкүлү "чет элдик өкүл" мыйзамы адам укугуна жана өнүгүүгө коркунуч жаратарын айттыБайден ХАМАС радикал уюму толугу менен жок кылынышы керек деп билдирдиГазада набыт болгондор 2800дөн ашты, ХАМАСтын барымтасында 199 киши отурат Мамлекеттик органдар "чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча позициясын билдиришти