Ош: кайрылуу жасаган мурдагы чек арачыны президенттин өкүлү кабыл алды

Элчибек Жантаев кайрылуу жолдогон мурдагы аскер кызматкерин кабыл алды. 16-октябрь, 2023.

Былтыр Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алганын айткан мурдагы аскер кызматкери Курманбек Абдыкеримов 15-октябрда президентке жана Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Ал былтыр 16-сентябрда Баткен районундагы “Достук” чек ара бекетинде нөөмөттө болгонун, жаңжалда анын оң далысына ок тийип, алган жараатына байланыштуу жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Ал кайрылууда Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын жашоочусу экенин, алган жараатынан улам майыптыгы үчүн мамлекеттен жөлөкпул ала албай жатканын белгилеген.

16-октябрда аны президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев кабыл алып, документтерине байланыштуу маселеде көмөк көрсөтүлөрүн убадалады.

Быйыл 13-июнда Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев былтыр сентябрдагы кыргыз-тажик жаңжалында жараат алган аскер кызматкерлерине кенемте төлөнүп берилгенин, он аскердин жарааты жеңил болгону үчүн аларга төлөнбөй турганын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирген.

2022-жылы 14-17-сентябрда чек арада куралдуу жаңжал катталып, анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. (DSh)

Дагы караңыз

Дарыгер менен мугалимдин маяна маселеси парламентте көтөрүлдүСадыр Жапаров өлкөдө "кримдүйнө" деген болбошу керектигин айттыЖол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам беретТүрк мамлекеттер уюмунун маалымат боюнча жыйыны өтүүдө