Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Жол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбустарда жүргүнчүдөн жол кирени накталай алган айдоочуларды аныктоо үчүн ыктыярчылар тартылып жатканын бүгүн 16-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, атайын рейддер уюштурулуп, жалпысынан 60 ыктыярчы тартылууда.

“20-августтан тартып коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспортто айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Күн сайын аталган ишкананын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда”, - деп билдирди шаар башкармалыгы.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, Кытайдан сатылып алынган автобустар үчүн чоң жолдордо атайын тилке ачылды.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып «Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм» деп айткан.

Жыл аягына чейин Бишкекке быйыл алынып келинген автобустардын саны 1 миңге жеткирилери маалымдалган.

Азыркы тапта Бишкекте автобус-троллейбустун жол киреси накталай да, "Тулпар" картасы менен да 11 сомду түзүүдө. Келечекте баарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү үчүн карта менен 11 сом, ал эми накталай төлөй турган болсо 30 сом кылуу сунушталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG