Жалал-Абад: окуучу экинчи кабаттан секирген окуянын чоо-жайы иликтенип жатат

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаардык милициясы билдиргендей, 10-октябрь күнү жергиликтүү тургун 11 жаштагы кызы мектептин экинчи кабатынан секирип кеткенин айтып кайрылган. Ал шаардагы №14 мектепте окуган кызы телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Натыйжада окуучу кыздын сол буту сынып, ооруканага жаткырылган.

Бул факты бирдиктүү реестрге катталды. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Облустук ооруканасынан кыздын буту сынып кеткендиктен, он күндөн кийин операция жасаларын билдиришти.

Мектеп жетекчилиги жана мугалимдер тараптан комментарий боло элек. (TB)

Дагы караңыз

Көлбаевдин империясы: кримтөбөлдөрдү ким калкалайт? Самара Сагынбаеванын тасмасы Азия фильмдер академиясынын сыйлыгын алды "Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду Ооганстанда күчү 6,3 баллдык дагы бир жер титирөө болду