Садыр Жапаров КМШ саммитинде суу ресурстарын пайдалануу маселесин көтөрдү

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын саммитинде климаттын туруктуулугун камсыздоо үчүн жасалып жаткан иштерге токтолду.

Аймактагы суу ресурстарынын 40% жакынын Кыргызстандагы суулар түзөрүн, аймакты суу менен камсыз кылууда Кыргызстан өз жоопкерчилигин сезе турганын белгиледи.

“Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”, - деди президент.

Ал “Жашыл экономиканы өнүктүрүү” демилгесин мындан ары биргелешип илгерилетүү, масштабдуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну жылдыруу маанилүү экенин кошумчалады.

Кыргызстан соңку учурлардагы эл аралык жыйындарда, саммиттерде суу ресурстары жана аны эффективдүү пайдалануу маселесин көтөрүп келет. Алсак, президент Жапаров 14-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде ушул маселеге кайрылып, аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин саммити өттү.

Саммитке Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

Дагы караңыз

Экономика министрлиги соодагерлер 1-январдан тартып патент менен иштей албай турганын эскерттиВице-мэр Бишкекте машинелерди кезек менен чыгаруу сунушун түшүндүрдүОрусияда Навальныйдын үч адвокаты кармалганы кабарландыБишкек: Жол кирени карта менен 11 сом, накталай 30 сом кылуу сунушталууда