Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Бишкек: Жол кирени карта менен 11 сом, накталай 30 сом кылуу сунушталууда


Бишкекте автобус-троллейбустун жол киресин карта менен төлөсө 11 сом, ал эми накталай төлөй турган болсо 30 сом кылуу сунушталууда. Бул тууралуу 12-октябрда шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.

«Жүргүнчүлөрдүн баары накталай эмес төлөмгө өтсүн деп жатабыз. Себеби улам 30 сомдон төлөй бергенче бир жолу карта сатып алып, ошол аркылуу 11 сомдон төлөп жүрө берет», - деди вице-мэр Максатбек Сазыкулов.

Автобус-троллейбустун тарифи 11 сом болгону менен өздүк наркы азыркы кезде 19 сом 70 тыйынды түзүп жатканы, муниципалдык коомдук транспорттун чыгымын жабууга шаардык бюджеттен каражат талап кылынары да белгиленди.

Накталай төлөсө 30 сом деген тарифди шаарга жаңы автобустар толук келип бүткөнчө колдонуу сунушталууда.

«Тулпар» картасынын өзү алгач 30 сомдон сатылган, азыр 50 сом болууда. Ага бирдик сыяктуу каалаган суммада каражат толтуруп, жол кирени 11 сомдон төлөп турса болот.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, Кытайдан сатылып алынган автобустар үчүн чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Автобус менен каттаган жүргүнчүлөр барар жерине тоскоолдуксуз, тыгынсыз тез жетип ала баштаганы үчүн мэрияга ыраазычылыгын билдирип жатса, жеке транспорт ээлери тыгындын айынан кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып арызданууда.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып «Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм» деп айткан.

Жыл аягына чейин Бишкекке быйыл алынып келинген автобустардын саны 1 миңге жеткирилери маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG