Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын учагы дары-дармек, чатырларды жетирип кетти. Азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөктөрдү темир жол менен алып барышат.
Буга чейин Ооганстанга казакстандык 45 куткаруучу жана медицина кызматкери кеткени кабарланган.
10-октябрда Өзбекстан ооган элине 100 тонна жардам – ун, буудай, май, кесме, эт азыктарын, күрүч, шекер, чатыр, жууркан, биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттарды жөнөткөн.
7-октябрда Ооганстанын Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен зилзалада 2 миңден ашуун адам каза тапкан. Бийлик бул - акыркы 20 жылдагы эң кыйратуучу жер титирөө болгонун билдирген.
11-октябрда ошол эле аймакта кайрадан жер титирөө катталып, анын күчү да очогунда 6,3 балдда түздү.
Дагы караңыз
Кыргызстан Кытайдагы Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берет Зеленский согуштан бери биринчи жолу НАТОнун баш кеңсесине бардыОрусия: мигранттар агымы сээлдеп, жумушчу күч азайды