Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Кыргызстан Кытайдагы Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берет


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Бишкектеги жыйында. 11-октябрь, 2023-жыл. Өкмөттүн сайтынан алынган сүрөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Бишкектеги жыйында. 11-октябрь, 2023-жыл. Өкмөттүн сайтынан алынган сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Кытайдын жарандарына - Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти.

Чечим эки өлкөнүн ынтымагын жана дипломатиясын бекемдөө максатында кабыл алынганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 11-октябрда "Кыргызстан - Кытай" достук коомунун "Бир кур, бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.

Маалымат өкмөттүн сайтына 11-октябрда жарыяланды. Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө виза ачтырган кытай жарандары да Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган.

Азырынча чечимдин так шарттары тууралуу маалымат бериле элек.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу быйыл майдын башында маалым болгон. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолукканда бул маселе талкууланганын 3-майда парламентте билдирген.

Май айында коңшу Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алат.

11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн Грузия да визасыз режим киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG