Зеленский согуштан бери биринчи жолу НАТОнун баш кеңсесине барды

Зеленский жана Столтенберг НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны алдында. Брюссель, 11-октябрь 2023-жыл

Шаршембиде Украина президенти Владимир Зеленский Орусия согуш ачкандан бери биринчи жолу НАТОнун баш кеңсесине барды. Брюсселде ал альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг менен кездешти.

Зеленский карапайым элди, энергетика инфраструктурасын, азык-түлүк экспортун коргоо үчүн Украина көбүрөк курал-жаракка муктаж болуп жатканын айтты.

Столтенберг Орусиянын президенти Владимир Путин “энергетика системасына, газ инфраструктурасына чабуул коюу менен кыш мезгилин курал кылып колдонууга даярданып жатканын” белгиледи.

Жакында түзүлгөн НАТО-Украина кеңешине кирген топ жана НАТОнун тышкы иштер министрлери Киевге 122 миллион долларлык аскердик жардам берерин жарыялайт деп күтүлүүдө.

Бир күн мурда Германиянын Коргоо министрлиги Украинага 1 миллиард еврого аскердик жардам берилерин жарыялаган. «Кышкы» пакетке абадан коргонуу каражаттары, анын ичинде «Патриот» жана IRIS-T системалары, "Леопард 1A5" танктары, "Гепард" зениттик жабдуулары, 15 чопкутталган автомашина кирет.

Муну менен катар Бельгия 2025-жылдан тарта Украинаны F-16 истребителдери менен камсыздарын билдирди.

Брюсселде Зеленский АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен да жолугушары күтүлүүдө.

Дагы караңыз

Блогер Адилет Балтабай УКМКда суракта болгонун айттыЖалал-Абад: Кыргызстан менен Орусиянын аймактар аралык жыйыны өтүүдөӨрт кырсыгынан эки жылда элүүдөй өмүр кыйылды